Белгилүү орусиялык ырчы Натали 43 жашка толду. Ал 1974-жылы 31-мартта Орусиянын Нижегородск облусунун Дзержинск шаарында төрөлгөн. Толук аты-жөнү - Наталья Миняева. Репертуарындагы белгилүү ырлар "Шамал деңизден сокту" ("Ветер с моря дул"), "Алгачкы сүйүү" ("Первая любовь"), "Сүйүп калба" ("Не влюбляйся"), "Оо, Кудай, кандай гана мырза!" ("О Боже, какой мужчина"), "Сен ушундайсың" ("Ты такой" Джиган менен дуэт ырдаган), "Володя" (Владимир Путиндин туулган күнүндө бет ачары болгон) жана башкалар.
Наташа орто мектепти аяктаган соң апасынын кеңеши менен педагогикалык окуу жайга тапшырып, мугалимдик кесипке ээ болгон. Бир канча жыл башталгыч класстарга сабак берип келгени менен, ырчы болуу тилеги аны тынч койгон эмес. Анткени окуучулук кезде "ырчы болом" деп апасынын жанын койбой, музыкалык мектепти аяктаган да жайы бар эле. 1991-жылы жергиликтүү "Шоколадный бар", андан соң "Поп галактика" аттуу топтордо ырчылыкты аркалай баштайт. Өзү ыр жазып, обон жаратып, канчалык аракет кылбасын, топтун курамындагылардын көлөкөсүнөн чыга албай коёт. Атактуулукту жалгыз багынткысы келип, жеке ырчы болуу максатында Москвага жол тартат.
Бир топ жылдан кийин гана Натали деген ат менен Москванын сахналарын багынта баштаган. Анын атын далайга тааныткан чыгарма "Шамал деңизден сокту" ("Ветер с моря дул") деген ыры болгон. Дал ушул чыгарма 90-жылдардагы хит ырлардын катарын толуктап, музыкалык чарттардын сап башында көпкө кармалган.
Бул ырынан кийин Натали тыныгуу жасап, арадан 16 жыл өткөн соң популярдуу "Оо, Кудай, кандай гана мырза!" ыры менен чыгармачылыкка кайтып келген. Аталган ырды ага Роза Зименс аттуу немис акыны сунуштаган. Бул тууралуу Натали: "Ырды окуп көрүп, дароо көңүлүмө жагып калды. Кээ бирлер ишенбеши мүмкүн, обонун бир сааттын ичинде жараттым", - деген. Ырчы бул ырды кыздуу болууну эңсеп, ырым катары да ырдап чыкканын айткан. Анткени ырда "Сүйүктүү мырзамдан уулдуу, кыздуу болууну каалайм" деген саптар бар. Натали учурда Арсений жана Анатолий аттуу уулдардын энеси.
Жеке жашоосу
Ырчы 11-класста окуп жатканда Александр Рудин аттуу мырза менен таанышкан. Александр ал кезде үн жаздыруучу студияда иштечү. Ал Наталинин чыгармачылыгына көмөк көрсөтүп жүрүп, акыры экөө бири-бирине ашык болуп калганын түшүнүшөт. Ошентип ырчы кыз 17 жашында турмуш жолуна аттанат. Жолдошу экөө он жыл наристе жытына зар болуп келишкен.
"Бул жылдар аралыгында эки жолу кош бойлуу болуп, бирок экөөндө тең боюмдан түшүп калды. Александр мунун айынан менден баш тартабы деп коркуп, жадакалса өзүмдү-өзүм өлтүрүп салсамбы деген да ойлор болгон. Бирок жолдошум ар тараптан жардам берип, мени колдоп турду", - деген Натали бул тууралуу. Ырчы учурда кош бойлуу, маалымат каражаттарына уул күтүп жатканын айткан.