Улуттук курама команданын волейболчусу Оңолбек Каныбек уулу Мальдив аралдарында өткөн Азия чемпиондугунун мыкты оюнчусу деп табылды. Бул тууралуу Волейбол федерациясы билдирет.
Белгилей кетсек, аталган мелдеш 22-марттан тарта Мальдив аралдарында кыргыз спортчулары, үй ээлери, Непал жана Түркмөнстан командалары арасында өттү. Бул Азия чөлкөмүнүн борбордук аймактык Азия чемпиондугу саналат. Финалда кыргыз спортчулары Түркмөнстанды 3:1 эсебинде утушкан.
Оңол Каныбек уулу Ысык-көлдүн “Жаңы-Муун” командасында ойноп келет.