Башкы прокуратура мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге жана Мамлекеттик каттоо кызматынын жооптуу кызматкерлерине карата кылмыш ишин козгоду. Маалыматка ылайык, кылмыш иши "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесинин негизинде козголду. Тергөөнү УКМКнын тергөө башкармалыгы жүргүзүүдө.
Башкы прокуратуранын маалыматында төмөнкүдөй хронология берилүүдө:
"2013-жылдын 28-мартында жарандык абалдын актыларын каттоочу бланктарды 8 миллион сомго сатып алуу боюнча тендер өткөрүлгөн. Бул тендерге "Т.П." жана "У." ишканалары катышып, "Т.П." жеңүүчү деп табылган. 2013-жылдын 24-апрелинен кийин Каржы министрлиги вице-премьер-министр Т.Сарпашевге тендердин өткөнү тууралуу кат жөнөткөн.
Бирок буга карабастан 2013-жылдын 25-апрелинде Т.Сарпашев Мамкаттоо кызматына "У." ишканасынан бланктарды сатып алууга уруксат берүүгө мыйзамсыз протоколдук тапшырма берген. Анын негизинде Мамкаттоо кызматынын башчысы тендердин жеңүүчүсү менен келишим түзбөй, "Т.П." ишканасынын башкы директорун "У." ишканасынан 40 миң бланк сатып алууга мажбурлаган. Бул бланктар Жарандык абалдын акттарын каттоо департаментинин аймактык бөлүмдөрүнө таратылып, Кыргыз Республикасынын жарандарынын жаңы төрөлгөн ымыркайларына берилген.
Мамкаттоо кызматынын жумушчу тобу бул бланктарда ката таап, аларды алмаштыруу керек экенин билдирген, анткени "төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүк" дегендин ордуна "никелешүү тууралуу күбөлүк" деп жазылган. Мындан улам 11 миң 690 жаран арызданып, бул катанын айынан алар чет өлкөгө бара албай, депортацияланып жатышканын билдиришкен".