Бүгүн, 1-апрелде "Кинозал" бөлүмү "Тамашоу" долбоорунан чыккан белгилүү "Моника Беллуччи" командасынын жеке концерти менен толукталды. Аталган команданын оюнчусу, режиссёр, актёр, сценарист Бакыт Осмонканов болуп өткөн концерт тууралуу мындай дейт:
"Концерт аябай жакшы өттү. Эл зал толо келип берди. Концерттен түшкөн каражатты кайрымдуулук ишке котордук".
Белгилей кетсек, аталган команда 5 жылдан соң сахнага кайтып, элге эксклюзивдүү, жаңы тамашаларды тартуулашкан.
"Моника Беллуччи" командасынын жеке концертин бул жерден көрүӊүз.