Нарын шаарында “Дени сак улут - өнүгүп жаткан өлкө” деген ураандын астында облустук деңгээлде спорттук мелдеш болуп өттү. Ага облустун 5 районунан 7 команда катышып, футбол, волейбол, тогуз коргол, ордо, жеңил атлетика, кыргыз күрөшү жана кол күрөш боюнча күч сынашты. Маалыматка ылайык, мелдеште алдынкы орунду багынткан командалар 28-майда Ысык-Көлдө өтө турган республикалык мелдешке катышуу үчүн жолдомо алышып, кубок жана дипломдор менен сыйланышты. Мелдештин жалпы байге фондуна жана башка чыгымдарга 190 миң сомдун тегерегинде каражат жумшалган.