Мындан 31 жыл мурун, 1986-жылы 31-мартта Боинг-727 учагы Мехико—Пуэрто-Вальярта—Масатлан—Лос-Анжелес каттамы менен учуп бараткан. Учак асманга көтөрүлгөндөн 15 мүнөт өткөн соң күйүп кеткен. Андан соң экиге бөлүнүп, кулап баратып Эль-Карбон тоосун сүзүп алган. Натыйжада учакта болгон 167 адамдын баары курман болгон.
Кырсыкты иликтөөдө төмөнкү жагдайлар белгилүү болгон. Мехико аэропортундагы техниктер учактын дөңгөлөктөрүн азот менен эмес, кысылган аба менен үйлөтүшкөн. Ошондой эле учактын тормозу дагы бузук болгону аныкталган. Мындан улам асманга көтөрүлгөндө сол шассинин бир шинасы ысып, жарылып кеткен.
31-мартка карата жылнаама.