Дүйнөгө белгилүү ырчы, актёр-актрисалардын эл алдына чыккандагы образы, басып турганы, сүйлөгөнү дайыма массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, коомчулуктун дыкат көзөмөлүндө. Бул ирет америкалык белгилүү актриса Энн Хэтэуэй ыӊгайсыздык жараткан моданын "курмандыгына" айланып, анын сүрөттөрү чет элдик басылмаларга жарыяланган.
Маалыматтарга караганда актриса Нью-Йорк шаарына өзү тартылган "Менин сүйгөн кызым - монстр" тасмасынын тар чөйрөдө көрсөтүүсүнө "Armani" мода үйүнөн тигилген кара көйнөк кийип келген. Көйнөктүн татаал бычылганы, кооз тигилген бүйүрмөсүнөн улам актриса башын эркин бура алган эмес. Андыктан камеранын объективине Энн бир тараптан гана туруп сүрөткө түшүп берген.
2012-жылы да актриса Нью-Йоркто өткөн иш-чаралардын бирине кооз көйнөкчөн, бирок ич кийим кийбей келгени билинип, талкууга кабылган.