31-мартта Бишкек-Ош трассасында эки автоунаа сүзүшүп, 3 адам күйүп кеткен эле. Жалал-Абад ОИИБинин маалымат катчысы Мыктыбек Турдубеков SUPER.KG порталына ал жарандар кимдер экенин кабарлады.
Хонда Фит унаасындагы 3 адам күйүп кеткен, алар: Ош облусунун, Кара-Суу районунун 1976-жылы туулган тургуну Жахангир Исраилов (унаанын айдоочусу), 1978-жылы туулган Асел Калыбаева (айдоочунун аялы), 1956-жылы туулган Тургунай Исраилова (айдоочунун апасы). Булар өрттөнгөн унаадан сыртка чыгууга үлгүрбөй калышкан.
Ал эми күйүүчү май ташыган унаанын айдоочусу - Кара-Балта шаарынын 1979-жылы туулган тургуну К.У азыркы учурда ооруканада жатат.
Окуя тууралуу:
Кырсык саат 05:00 чамасында болгон. Бишкектен Ошко күйүүчү май ташып бараткан Фредлайнер унаасынын ээси рулду башкара албай, автоунаа оодарылып кеткен. Бул учурда каршы багытта, тагыраагы Оштон Бишкекке келе жаткан Хонда Фит унаасын басып калган. Жол кырсыгы боюнча материалдар Сузак райондук ички иштер башкармалыгына катталып, каза болгондорго соттук-медициналык экспертиза дайындалганы белгилүү болду.
Факт боюнча тергөө жүргүзүлүп жатат.