Муз үстүндө бийлеген Евгений Плющенко карьерасын жыйынтыктады

Олимпиаданын муз үстүндө бийлөө боюнча 2 жолку чемпиону Евгений Плющенко карьерасын жыйынтыктаганы тууралуу маалымдады. Бул жөнүндө "Матч ТВ" телеканалына берген интервьюсунда айтканын бүгүн, 31-мартта ТАСС маалымат агенттиги жазды.

Плющенко мындан ары машыктыруучу катары иш алып бара турганын билдирген.

"Мен эми олимпиадалык оюндарга спортчу катары катышпайм. Спорттогу карьерамды жыйынтыктадым. Алдыда муз үстүндө бийлөө боюнча спортчуларды даярдаган академия ачып, машыктыруучулук менен алектенем. Эгер спортчуларды даярдап үлгүрүп калсам, 2018-жылы боло турган олимпиадага катышабыз", - дейт Плющенко.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан