Сокулук айылындагы “Динамо” стадионунда 5-майда Кылмыш жана жаза аткаруу тутумунун кызматкерлери арасында кичи футбол боюнча мелдеш өттү. Анда бардык атаандаштарынан алдыга озуп чыккан Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы 1-орунга ээ болду. Ал эми 2-орунга №1-СИЗОнун кызматкерлери чыгышса, 3-орунга №1-абактын кызматкерлери татыктуу болушту. Айта кетсек, мелдешке 15 команда катышкан.