"Медиа-портал" бөлүмүндөгү карындаштарына арнап ырдагандардын бири - Алмаз Шаадаев. Ырчы аталган ырга клип тартуу иштери Нарын шаарында, Бишкекте болгонун айтат.
"Клиптеги кичинекей каармандарды тартуу үчүн атайын Нарын шаарына барып келдик. Анда жаш баланын образын бир тууган иним Арген жаратты. Ал буга чейин да бир нече клиптерге тартылган эле. Негизи кичинекей каармандар күндүн суугуна карабай берилүү менен жакшы ойноп беришти. Ал эми башкы каарман кызды кичинекей кызга окшотуп, интернеттен издеп таптык", - дейт А. Шаадаев.
Ал эми клиптин сюжети тууралуу буларга токтолду:
"Клиптин идеясы досум Данияр Эрматовго таандык, режиссёру Эрнист Сыдыков. Анда чогуу ойноп өскөн бир тууган карындашын күйөөгө узатып жаткан аганын образы берилет. Жакын адамын турмуш жолуна аттантып жатканда ичи ачышып, экөөнүн бала кезин эстеген учурлар сүрөттөлөт".
Алмаз Шаадаевдин "Карындаш" ырынын клибин бул жерден көрүӊүз.