Кикбокс сүйүүчүлөр жана профессионалдар арасында Дүйнөнүн 2 жолку чемпиону (1997, 1999), Азиянын жана Евразиянын чемпиону, Дүйнө кубогунун ээси, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген спорт чебери, кикбоксчу Али Порсуков көзү тирүү болгондо бүгүн, 1-апрелде 48 жашка толмок.
Ал 1969-жылы 1-апрелде Дагестан Республикасынын белгилүү спортчулар чыккан Хасавюрт районунун (эркин күрөш боюнча бир нече жолку Олимпиада чемпиондору – бир тууган Сайтиев жана Батировдор да дал ушул райондун кулундары болуп саналышат) Аксай айылында туулуп өскөн. Үй-бүлөдө 2 бир тууган болуп, иниси экөө бирге чоңоюшкан. Болгондо да жөн үй-бүлөдө эмес, Социалисттик эмгектин 2 жолку Баатыры Акбар Порсуковдун үй-бүлөсүндө өскөн. Андыктан анын жашынан эле мыкты тарбия алып, спортко жакын болуп чоңойгондугу айтылып келет.
1992-жылы Кыргыз мамлекетинин эмгек сиңирген машыктыруучусу Александр Воинов спортчуну өзүнүн командасына, "Гермес-профи" спорттук клубуна чакырган. Рингде ал "Даанышман" атка конгон.
2002-жылдын 1-ноябрь күнү өзү кумык болсо да, кыргыз туусун дүйнөлүк ири мелдештерде даңазалап жүргөн кикбоксчу Али Порсуков өлтүрүлгөн.
Ошол каргашалуу окуя Бишкекте Али машыгуудан кийин достору менен жолугушууга баратканда болгон. Аны алдын ала күтүп турган киллер капысынан чыга калып 3 ок атып, изин жашырып кете берген. Ошол учурда спортчу жалгыз болуп калган. Каргашаны угуп жетип келген достору аны дароо республикалык ооруканага жеткиришсе да, өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон эмес. Анткени 3 октун бири спортчунун башына тийген. Спорттон кетүүнү ойлоп жүргөн Порсуковдун Дагестандан Бишкекке келгенине 3 эле күн болгон. Окуядан кийин Алинин кылмыштык топтордун ортосундагы териштирүүдө курмандык болуп калгандыгы тууралуу маалыматтар тараган. Ошентип чоң спортто мүмкүн болгон бардык жеңиштерге жетишкен кикбоксчуну күтүүсүздөн шум ажал алып кете берген. Бул "Гермес-профи" үчүн эле эмес, жалпы ата мекендик спорт үчүн чоң жоготуу эле. Анткени кыргыз спорту атактуу Дүйнө чемпионунан ажыраган.
Спортчу үй-бүлөлүү, эки балалуу болгон. Анын денеси Дагестандын борбору Махачкалага өзүнүн машыктыруучусу Александр Воинов тарабынан жеткирилген.
1-апрелге карата жылнаама.