“Нарк-Тоо” ишканасы мамлекетке 1 миллион сомдук зыян алып келген

УКМКнын кызматкерлери Нарын облусунда жайгашкан “Нарк-Тоо” ишканасы мамлекеттик бюджетке ири өлчөмдө зыян келтиргенин аныкташты. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, 2009-жылдан бери көмүр иштетип чыгарган “Нарк-Тоо” ишканасы мамлекеттин казынасына эч кандай салык төлөгөн эмес. Бул боюнча Мамлекеттик салык кызматынын берген корутундусуна караганда, ишкана Нарын облусуна 1 миллион сомго зыян алып келген. Мындан улам 2-майда УКМК тарабынан Кылмыш кодексинин 171, 212 жана 221-беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгону айтылды.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан