Ошто адам өлтүрүү фактысы катталды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сѳз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 30-март күнү Ош шаарындагы кѳп кабаттуу үйлѳрдүн биринин батиринде адамдын жансыз денеси табылган. Окуя болгон жерге барган милиция адам колдуу болуп каза болгон адамдын ѳздүгүн аныкташкан. Ал Кара-Суу районунун жашоочусу, 1972-жылы туулган Бахтияр Апиев экени аныкталган. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал кѳкүрѳк тушуна бычак сайылганынан улам каза болгон.
Окуянын жүрүшүн иликтѳѳ учурунда бул кылмышка шектүү үч адам аныкталып, алар издѳѳгѳ алынган. Издѳѳ иштеринин жүрүшүндѳ кылмышка катыштыгы бар адамдар катары Ош шаарынын эки тургуну кармалган. Алар окуя 28-марттан 29-мартка караган түнү маркумдун үйүндѳ болгондугун, ѳздѳрүнүн бул кылмышка тиешеси жоктугун айтышып, бул кылмышка башка адамдын тиешеси бар экендигин айтышкан. Алар кылмыш болгондон соң аталган үйдѳн чыгып кетишкендигин, корккондуктан эч кимге айтпагандыктарын билдиришкен.
31-мартта милицияга ѳз эрки менен бул ѳзгѳчѳ оор кылмышка негизги шектүү катары Кадамжай районунун 40 жаштагы тургуну, буга чейин бейбаштык боюнча үч жылга соттолуп, жазасын ѳтѳп чыккан И.М. кармалды. Ал ѳз кѳрсѳтмѳсүндѳ ошол күнү маркумдун үйүндѳ ѳзү жана эки шериги, жалпысы тѳрт адам 2 бѳтѳлкѳ арак ичишип, мас абалда болуп калгандыгын, закуска үчүн «кукси» тамагын даярдап жатканда, маркум келип аны «тездетпейсинби» деп уруша кеткендигин, ачуусун токтото албай бычак менен уруп жибергенин айткан. "Ал менин артыман келип, сүйлѳнѳ баштады. Ачуум келип, бычактын сап жагы менен урам деп, шиш, миздүү жагы менен кѳкүрѳк тарапка уруп жибериптирмин. Ѳлтүргүм келген эмес. Анан ал кѳкүрѳгүн кармап калганда тѳшѳккѳ жаткырып чыгып кеттик. Мас болчубуз. Тѳртѳѳбүз 2 бѳтѳлкѳ арак ичкенбиз. Үйүнѳ киргенге чейин дагы ар жерден 50-100 граммдап ичип жүргѳн элек», - деп кѳрсѳтмѳ берди кылмышка шектүү.
Учурда адам ѳлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголуп, иликтѳѳ жүрүп жатат. Кылмышка шектүү үч адам Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында.