Колумбияда жүргөн сел 250дөн ашуун адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу өлкөнүн башчысы Хуан Мануэль Сантос RCN радиостанциясынын эфиринде билдирди.
"Бул сан кайгылуу болду", - деген ал.
Кырсык катуу жааган жаандын айынан 1-апрелде болгон. Анда Макао шаарындагы суу жээгинен чыгып, түн ичинде уктап жаткан тургундарды каптаган.
Маалыматка ылайык, селдин айынан 250дөн ашык адам каза болсо, 400дөйү жаракат алып, 220сы дайынсыз жоголгон.