ЖЫЛНААМА, 3-АПРЕЛЬ: "Кечелердин падышалары" сериалындагы ролу менен белгилүү болгон америкалык актёр Адам Скотт 44 жашка толду

Америкалык актёр Адам Скотт 44 жашка толду. Ал 1973-жылы 3-апрелде АКШнын Калифорния штатындагы Санта-Круз шаарында төрөлгөн. Адам Лос-Анжелестеги америкалык драмалык искусство академиясын бүтүргөн. 1994-жылдан баштап сериалдарга тартылып, көбүнчө эпизоддук ролдорду аткарган.

Ал тартылган тасмалар: "Мыйзам жана тартип" ("Закон и порядок"), "Нью-Йорктун полициясы" ("Полиция Нью-Йорка"), "Биз бешөөбүз" ("Нас пятеро"), "Тез жардам" ("Скорая помощь") жана башкалар.
Актёр "Мени сүйөм деп айт" ("Скажи мне, что любишь меня"), "Кечелердин падышалары" ("Короли вечеринок"), "Эс алуу зоналары жана парктар" ("Парки и зоны отдыха"), "Аталаш ага-инилер" ("Сводные братья") телесериалдарындагы ролдору аркылуу белгилүү болгон.
2009-жылы А.Скотт өзүн продюсер катары сынап көргөн. Алсак, ал "Жүргүнчүнүн орду" тасмасынын аткаруучу продюсери, "Кечелердин падышалары" фильминин 7 сериясынын продюсери.
2005-жылы Скотт кинопродюсер Наоми Сабланга үйлөнгөн. Түгөйлөрдүн бир уул, бир кызы бар.
2009-жылы актёр "Кечелердин падышалары" киносундагы Генри Полларддын ролу үчүн Комедиялык телесериалдын мыкты актёру катары "Ewwy Award" сыйлыгынын лауреаты болгон. Ошол эле жылы "Independent Spirit Awards" сыйлыгына "Каардуу адам" ("Злобный тип") тасмасындагы ролу үчүн көрсөтүлгөн.
3-апрелге карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан