Ош-Бишкек жолунун Таш-Көмүр шаарына жакын жеринде жол кырсыгы катталды. Күбөлөрдүн айтымында, унаалардын бири катуу ылдамдык менен тоннелден чыккан. Ал эми экинчи унаанын айдоочусу төмөнкүнү айтып берди.
"Мен Бишкек шаарын көздөй бара жаткам. Көз ачып-жумганча тоннелден катуу ылдамдык менен чыккан унаа келип сүзүп кетти. Айдоочусу жаш бала экен. Патрулдук милицияны чакырдык. Ким күнөөлүү экенин териштирип беришет. Бактыга жараша, экөөбүздүн тең унаабызда жүргүнчү жок болчу", - дейт айдоочулардын бири.
Жол кырсыгынан эки жеңил унаа тең жараксыз абалга кептелген.