ЖЫЛНААМА, 3-АПРЕЛЬ: Белгилүү америкалык актёр Алек Болдуин 59 жашка толду

Америкалык актёр, "Алтын глобус", "Эмми" сыйлыктарынын ээси Алек Болдуин 59 жашка толду. Ал 1958-жылы 3-апрелде АКШнын Нью-Йорк штатындагы Амитивилль кыштагында туулган.

Алек Болдуин Вашингтондогу Жорж Вашингтон атындагы университетти саясий илимдер адистиги боюнча, Нью-Йорк университетиндеги драма классын, Ли Страсберг институтун бүтүргөн. Ал биринчи жолу 1963-жылы "Дарыгерлер" ("Доктора") тасмасында дебют жасаган.
Тартылган тасмалары: "Бруклиндин мыйзамдары" ("Законы Бруклина"), "Аферисттер: Дик жана Жейн көңүл ачышууда" ("Аферисты: Дик и Джейн развлекаются"), "Акыркы кадр" ("Последний кадр") жана башкалар.
Ал эми "Мафияга турмушка чыккан аял" ("Замужем за мафией"), "Битлджюс", "Майами Блюз", "Кызыл октябрга аңчылык" ("Охота за "Красным октябрём"), "Үйлөнүү адаты" ("Привычка жениться"), "Америкалыктар ("Американцы") тасмалары актёрду популярдуулукка жеткирген.
Жеке жашоосу
Актёр жаш кезинде актрисалар Холли Гэньер жана Жанин Тернерлер менен сүйүү мамилелерин курган. Биринчи жубайы актриса Ким Бейсингер менен 1993-2002-жылдары бирге жашаган. 1995-жылы алардын ортосунда Айленд Элиси аттуу кызы төрөлгөн.
Бейсингер менен ажырашкан соң актрисалар Кристин Дэвис, Татум О’Нил жана Анной Ротшильд, Лори Сингер жана юрист Николь Сайдел менен мамиле курган.
2012-жылы 30-майда йога боюнча инструктор, өзүнөн 25 жашка кичүү Хилари Томас менен баш кошкон. Бир жылдан кийин түгөйлөр Кармен Габриела деген кыздуу болушкан. Ал эми 2015-жылдын июнунда Рафаэль Томас аттуу уулу жарык дүйнөгө келген. 2016-жылдын күзүндө Болдуин төртүнчү ирет ата болгон. Уулуна Леонардо Энжел Чарльз деген ысымды ыйгарышкан.
3-апрелге карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rasul94
2017-04-03 13:01:25
зор актёр омуру узун болсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан