Бишкекте өткөн шаар мэринин кубогун Алматыдан келген команда алды (фото)

1-Апрель - Эл аралык күлкү күнүнө карата Бишкектеги улуттук драма театрында КВНдин шаар мэринин кубогу үчүн оюну болуп өткөн. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы бүгүн, 3-апрелде маалымдады.

"Командаларды колдоо үчүн Бишкектин вице-мэри Эркинбек Исаков келип, куттуктоо сөзүн айтты. Кубок үчүн Кара-Балта шаарынын курама командасы, Исхак Раззаков атындагы техникалык университеттин "Своя волна", Бишкек гуманитардык университетинин кыздар жана балдардан түзүлгөн 2 командасы, Алматыдан келген "Табирис" курама командалары оюн көрсөтүштү. Оюндун жыйынтыгында "Табирис" командасы жеӊүүчү аталып, башкы байгени - шаар мэринин кубогун алып кетти", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан