ЭЛДИК ВИДЕО: "Азия MIX`тин" капитаны Эльдияр Кененсаровду сахналаш достору өзгөчө куттукташты

Кечээ, 2-апрелде "Азия Mix" КВН командасынын капитаны, "Большие люди", "КG Сlub" долбоорлорунун негиздөөчүсү Эльдияр Кененсаров 33 жашка толуп, туулган күнүндө жубайынан өзгөчө футболка белекке алганын билдирген эле. Бул күнү Эльдияр мырзаны жакын туугандары, достору гана куттуктабастан сахнада чогуу ойногон, бирге иштешкен бир нече чет өлкөлүк таланттуу инсандар куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Ал эми Орусиянын Ставрополь шаарынан чыккан КВНдеги "Те самые ребята" командасы өзгөчө видео-белек жасап, мекендешибизди кубантты.

Видеодо Эльдияр Кененсаровдун күйөрманы, аны менен жолугууну абдан самаган кыз жөнүндө баяндалат. Ролик орусиялык "Грибы" тобунун популярдуу болуп жаткан "Между нами тает лёд" ырына пародия катары жасалган.

Видеону көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан