Бишкекте “телефон террорчу" аныкталып кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 1-апрелде саат 11:40 чамасында Бишкек шаардык милициясына белгисиз бир адам телефон аркылуу чалып "Салам Алик" конушундагы жеке үйлөрдүн биринде жардыруучу буюм коюлган деп билдирген. "Окуя болгон жерге шашылыш түрдө УКМКнын жана ИИМдин кызматкерлери барышкан. Үйдүн жашоочуларын коопсуз жерге чыгарып, айлана-тегереги курчоого алынган. Аталган үйдүн жана анын жанаша жайгашкан аймактарды текшерүү учурунда кандайдыр бир жардыруучу буюмдар табылган эмес", - деп билдирет мекеме.
Маалым болгондой, ыкчам изилдөө иш-чаралардын натыйжасында 1983-жылы туулган Е.Н атуу адам аныкталып, кармалган. Ал мас абалында аялы менен урушуп, анын жыйынтыгында жалган маалымат бергенин мойнуна алды. Азыркы тапта УКМКнын Тергөө башкармалыгы мыйзамга ылайык чечим чыгаруунун үстүнөн иштеп жатат.