Футбол боюнча өлкө биринчилиги –Топ-Лиганын жаңы сезону 8-апрелде старт алат. Бул тууралуу Футбол лигасы билдирет.
Маалым болгондой, 26-ирет уюштурулуп жаткан сезондо 6 футбол клубу катышат. “Алай” (Ош), “Дордой” (Бишкек), “Алга” (Бишкек), “Абдыш-Ата” (Кант), “Кара-Балта” жана Кочкор-Атанын “Нефтчи” командасы чемпиондук үчүн ат салышат. Чемпиондук 4 айлампада өткөрүлөт.
8-апрель күнү 1-турдук оюндар өтүп, анда Бишкек шаарында "Алга" - "Абдыш-Ата", "Дордой" - "Кара-Балта" жана Ошто "Алай" - "Нефтчи" оюндары өтөт.