Жалал-Абад шаарында 31 жаштагы тургунду бычактап кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда окуя 22-март күнү саат 19:30 чамасында Жалал-Абад шаарында болгон. Анда 31 жаштагы М.М. аттуу тургунду белгисиз адам бычак менен денесине бир канча жолу сайып, окуя болгон жерден качып кеткен. Жабырлануучу ооруканага жетпей каза болгон. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам изилдөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары Сузак районунун 26 жаштагы К.З. аттуу тургуну жашынып жүргөн жеринен кармалды. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.