Ырчылар Алихан менен Бегимай Эсенгулованын "Кумарым" дуэти бир кездеги хит болгон чыгармалардын катарын толуктайт. Ал эми аталган ырга клип тартуу иштери тууралуу Алихан буларды билдирди:
"Бул клипти тартуу түйшүгүн продюсерлер Канат Култаев менен Динара Эсенгулова моюнуна алышкан. Сюжети жок, трек клип тартылган. Эмне үчүн сюжетсиз тартылганын билбейм, себеби ал кезде жаш болчумун да. Эми азыр ырларыма клип тартуу менен алек болуп жүрөм. Идеясын, кандай сюжет болушу керектигин түшүнө баштадым. Андыктан азыр ушул суроону берсеӊиз жооп бере алам", - дейт ырчы күлүп.
Ал эми камерага иштөө, Бегимай Эсенгулова менен сүйүшкөндөрдүн образын жаратуу учурундагы кыйынчылыктар тууралуу мындай дейт:
"Албетте, камерага иштөө, бат эле көнүп кетүү оӊой болгон эмес. Бегимай экөөбүз да образга кире албай бир топ кыйналганбыз. Тартуу процесси 2 күндө бүткөн, бирок монтаж иштери бир топко созулду. Жыйынтыгы жаман болгон жок. Дуэт ошол учурдагы ийгиликтүү чыгармалардын катарын толуктаган".
Алихан менен Бегимай Эсенгулованын "Кумарым" ырынын клибин бул жерден көрүӊүз.