"Тамашоучу", алып баруучу, шоумен Санжар Мыкыев бүгүн, 3-апрелде 28 жашка толду. Аны куттуктап байланышка чыксак, SUPER.KG порталына ыраазычылыгын билдирди.
"Туулган күндү майрам катары деле кабыл албайм. Бирок туугандарым, досторум, жакын адамдарымдын куттуктоолору кубандырып, жакшы маанай тартуулайт. Өздүк майрамымды бүгүн үйдө аш басып, туугандарым менен бирге чакан кылып белгилеп жатабыз", - дейт С.Мыкыев.
Санжар Мыкыев 1989-жылы 3-апрелде Ош шаарында жарык дүйнөгө келген. Түбү Алайдан болот. Оштогу кыргыз-түрк лицейин аяктап, андан соң "Ала-Тоо" университетинен билим алган. Студент кезинде "Тамашоу" Лигасынын "Достук" командасынын капитаны болуп, калың элге таанылган. Кесиби - программист. 2012-жылдан баштап "Тамашоудогу" бир нече командалардын оюнчуларынан куралган "Тамадалар" командасында ойной баштаган. Учурда "Салам, Кыргызстан" телеберүүсүнүн алпаруучусу. 2013-жылы ноябрь айында сүйүктүүсү Наристе менен баш кошкон. Түгөйлөрдүн 2 жаштагы кызы бар.
3-апрелге карата жылнаама.