Бүгүн, 4-апрель күнү АФК (Азия футбол конфедерациясы) кубогунун 2-турдук оюндары орун алат. Анда Бишкек шаарында “Дордой” Оштун “Алай” командасын кабыл алат. Оюн Бишкек убактысы боюнча 16:00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо башталат.
Белгилей кетсек, эки кыргыз командасы “D” тайпасында орун алган. Анда 1-турдук оюндарда “Дордой” Тажикстандын “Истиклол” командасына, “Алай” Түркмөнстандын “Алтын Асыр” командасына жеңилген.
Ошондой эле аталган тайпанын экинчи оюнунда “Алтын Асыр” өз үйүндө “Истиклолду” кабыл алат.