Аламүдүн районунда 46 жаштагы аял "жарандык никедеги күйөөсүн бычактап өлтүргөн" деп шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда окуя 18-март күнү аталган райондогу Ленинское айылында болгон. Анда 46 жаштагы С.Е. жарандык никедеги күйөөсү 46 жаштагы К.Е. менен спирт ичимдигин ичип отуруп, уруша кетишкен. С.Е. ачуусун кармай албай К.Ени күкүрөк тарапка бычак менен бир канча жолу сайган. Жабырлануучу алган жаракатынан улам ошол жерде жан берген. Ошол эле күнү кылмышка шектүү аял кармалып, Аламүдүн райондук сотунун чечими менен 2 айга тергөө абагына киргизилген.