Бишкекте май айында волейбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндары өтөт

Бишкек шаарында май айында волейбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндары өтөт. Бул тууралуу Волейбол федерациясы билдирет.

Белгилей кетсек, Дүйнө чемпиондугунун тандап алуу оюндарынын 1-этабы 2016-жылы Чолпон-Ата шаарында өткөн. Анда кыргыз волейболчулары Бангладеш менен Мальдив аралдарын жеңип алган. Жыйынтыгында 2-этапка өтүп, эми Казакстан, Индия жана Пакистан командалары менен май айында күч сынайт. Жеңүүчү аталган команда тандап алуу оюндарынын финалдык баскычына өтөт.

Волейбол боюнча Дүйнө чемпиондугу 2018-жылы Италия жана Болгарияда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dante
2017-04-04 11:42:14
Жакшы женгиле
0
Nur00
2017-04-04 12:04:44
Жакшылап даярдангыла,ийгилик.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан