Бишкекте 10 жаштагы Аселя Төрөбекова изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда 2006-жылы туулган Аселя Төрөбекова 3-апрель күнү саат 12:15 чамасында мектепке үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Азыркы убакта анын кайда жүргөнү белгисиз. Бою 130-140 сантиметр, арыкчырай, көздөрү кара, чачы кара түстө. Ошол күнү үстүнө кызгылт түстөгү куртка жана мектеп формасын кийип жүргөн. Көргөн-билгендер болсо, төмөнкү телефон номурларга чалып, кабарлап койсоңуздар. 0550 102 872, 0772 180 945.