Базар-Коргондогу Чарбак айылында жер көчкү түшүп бир үйдү сүрүп баштады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 4-апрелде саат 9:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Чарбак айылында жер көчкү орун алды. Көлөмү болжол менен 50 миң куб метр жер көчкү 1 турак үйдү сүрүп баштаган жана 3 турак жайга коркунуч жаралган.
Айыл аймак тарабынан жакын жайгашкан үйлөрдүн тургундарына түшүндүрүү, коопсуз жайга көчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.