SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыжырыңызды келтирген ыр" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Аяшым, ай, аяшым, ай" деп сиӊдим ырдап жатса, "тантырабачы!" деп урушкан элем. Кийин коомдук унаада кетип бара жатсам ушул ырды ырдап жатат. "О мээң менен жерге кир" дедим ичимден".
"Койкоюп тосуп төшүӊдү, койнуңа чакыр өзүмдү" деген ыр бар го, ырдаган киши Дон Жуан болсо керек".
"Бегиштин ырлары жакшы эле башталат, анан бир убакта "ээу, бул деген мен - Бегиш, билдиңби?!" деп кыйкырып баштаганда өчүрүштөн коркуп кетем, мен эле мен деп жатса".
"Эки жаздык коюп жаттым, бирине өзүм жаттым, экинчисинде сен жок" деген ыр бар экен. Ушул ырды угуп калсам аллергиям козголуп, башына бир чапкым келет да".
"Аттиң арман, кызды неге жаратты экен, жаратып бул дүйнөгө таратты экен. Ушул ырды ырдаган кызды жаактан ары чапкым келет".
"Айгерим Расул кызынын "Кой, үка, кой" деген ыры бар го. Укканда тим эле "ырахат" аласың. Ушундай ырлардан көрө ырдабай эле коюшпайбы?"
"Бир ырдын бир сабы эле жаккан жок, автору ким экенин билбейм. Ал мындай: "Кечинде келемин сага" - дейт, аял киши. Кечинде аял кишиге балээ барбы дейм да, андан көрө жат үйүңдө..."
"Добрдун бир тантырак ырын уккам, ал ырдын сабында мындай жери бар "Манас менин гана атам" деген. Эми ушул кантип сөз болсун? Негизи эле ошол баланын ырлары кыжырыма тие берет".
"Лиранын "Жашоо керемет" деген ырында "бир тепкичке чыксаң, бир тепкич калат" деген ырына аллергия болом да, мээмден көпкө кетпей, кыжырыма тийип жүргөн".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.