Энелерге арналган клиптердин бири - ырчы Бурул Арунованын "Апакем" ырынын клиби. Ырчы клибине өз апасын, кичинекей жээндерин тартканын айтат.
"Клипти апам жөнүндө эстелик болсун деп тартып, ага белек кылдым. Мени кандай адам тарбиялап, эрезеге жеткиргенин элге көрсөткүм келди. Сюжети жок, анда апамдын неберелери менен көӊүлдүү, бактылуу убакыт өткөрүп отурганы көрсөтүлөт.
Тартуу учурунда жаш балдар улам ойноп кетип калат же укпайт, камераны карабай башын жерге салып отуруп алышат. Кыскасы, жакшы эле жүдөтүштү. Алар балмуздакты аябай жакшы көрүшкөндүктөн эжем экөөбүз дүкөнгө барып, балмуздак алып келип алдадык. Алар менен иштешүү бир топ эле татаал болду", - дейт ырчы күлүп.
Бурул Арунованын "Апакем" ырынын клибин бул жерден көрүӊүз.