Азия футбол конфедерациясынын кубогу: "Дордой" "Алайды" жеңип, 3 упайга ээ болду

Бүгүн, 4-апрелде Азия футбол конфедерациясынын кубогунун 2-турдук оюндары орун алды. Анда “D” тайпасында эки кыргыз командасы бири-бири менен кез келди. Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо "Дордой" "Алайды" кабыл алды.

Оюндун алгачкы мүнөттөрүндө бишкектик команда активдүү ойноп баштады. Мунун жыйынтыгы 18-мүнөттө коноктордун футболчусу Муролим Ахмедовдун кызыл айып кагазын алуусуна түрткү болду. Калган убакытта "дордойчулар" чабуулга өтүп жатканы менен эсеп ачылган жок.

2-таймда да ушул жагдай болуп жатты. "Дордой" чабуул койсо, "Алай" мыкты коргонуп жатты. Бирок 87-мүнөттө үй ээлери эсепти ачышты. Анда Алишер Азизов таамай болуп, жеңиш алып келди. "Дордой" тайпада алгачкы 3 упайга ээ болду.

Аталган тайпанын экинчи оюнунда бүгүн “Алтын Асыр” өз үйүндө “Истиклолду” кабыл алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nuridindosmatov
2017-04-04 21:49:19
Адилеттуу оюн болбоду
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан