Муз үстүндөгү бийчи Элизабет Турсынбаеванын апасы интернетке тараган эмоционалдуу видеосун сындагандарга жооп берди

Муз үстүндөгү бийчи Элизабет Турсынбаеванын апасы Падышахан Султаналиева интернетке тараган эмоционалдуу видеосун сындагандарга жооп берди. Өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына 4-апрелде жазган билдирүүсүндө ал "орусташып олжого жеткиче, кыргыздашып кырманыңды толтур. Кыйкымдан кыл издебей, кылымга калар иш изде" дейт.

Буга чейин интернеттеги социалдык тармактарга Э.Турсынбаева өз программасын көрсөтүп, жыйынтыгын күтүп жаткан учурдагы видео тараган. Анда апасынын каткырып кубанып жаткандагы эмоциясын көрүүгө болот.

"Мени сындагандар менин жыртык кепичимди кийип, 10 жыл бир короо кой кайтарсын. Менин баскан жолдорумду басып, эки университетти бүтүрсүн. Жөнөкөй чабандын кызындай бүткүл дүйнөнү айланып чыксын ат салышып. Уул-кыз төрөп тарбияласын, куру мактанбай. Андан кийин кырк бештен ашса да "кыйкымдан кыл издебей, кылымдарга каларлык иш издесин". Канча каткырсам өз эрким" деп жазат спортчунун апасы.

Видео март айынын соңунда Хельсинки шаарында муз үстүндө бийлөө боюнча чоңдор арасында Дүйнө чемпиондугунда тартылган. Мелдеште 17 жаштагы казакстандык муз үстүндөгү бийчи Элизабет Турсынбаева 9-орунду ээлеген. Мындан улам Казакстанга 2018-жылы Түштүк Кореяда өтчү Олимпиада оюндарына катышууга эки лицензия берилет. Бул тууралуу казакстандык басылмалар кабарлайт.

Кошумчалай кетсек, Элизабет учурда канадалык машыктыруучу Брайан Орсердин колунда тарбияланып келет. Анын апасы Падышахан Султаналиева Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Ит-Агар айылында туулган, кийин казак жигитине турмушка чыккан.

Муз үстүндөгү бийчи Элизабеттин Хельсинки-2017 мелдешиндеги бийи
Спортчу Элизабеттин апасынын эмоциясы интернетте талкуу жаратты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
Mers124
2017-04-05 11:43:03
Падишахан негизи өзү ушундай неме, соц.сеттерден жазгандары деле ооруулуу сыяктуу. Бирок азамат.
-3
cfif03748
2017-04-05 11:45:18
Танцага тушсо да оз эрки.
+3
evra_kg
2017-04-05 12:03:46
кудай сакта апасы бекен озу
-4
kolyn
2017-04-05 12:05:46
Ээ маладес Падиша!Бул жакта биз кандай сүйүнүп отурабыз...Апасы сен -кызындын жанында туруп . сен "имеешь право" каалагандай сүйүнүштү.
+3
meni_gana_sui
2017-04-05 12:06:34
Эң туура жооп, анын каткырганын сындабай, өзүңөрдүн ишиңерди кылсаңар болбойбу?
+4
Alibay
2017-04-05 12:36:35
Кызынын апасын тыйганы жакты да))))
+4
ashuular_plus
2017-04-05 12:53:54
Муз устундо жыгылып калбай жакшы бийлеп келгенине суйунгон турбайбы апасы, Казахстандын атынан чыгып атканына кубанычы койнуна батпай отурат го энеси, илгери орустар биринчи орунду беришчу эмес эле, алардын Т.Тарасовасы кыйын тренер да, бир жылы олимпиадада ишенген Ж.Плющенкосу бийлеп атып жыгылып калды эле, бирок орустар кыйын да, баары бир биринчи орунду Ягудини алып кеткен, аялдары да кыйын, озгочо И.Слуцкаясы жагат мага.
+1
A.Alymbek
2017-04-05 13:09:49
Адам болуп жаралгандан кийин эмоция деген болот да. Азыр суйунбой отурса да сындашмак, кызы женишке жетип жатса отурат да мистейип деп.
+4
Ern
2017-04-05 13:17:50
Аа, бул Падишахан эжебиз ФБда намаз окугандарга эле асылып, ачууланып кайнай берет эле. Мейли эми кызы жеңишке жетсе сүйүнөт да.
-1
tynara81
2017-04-05 13:22:36
Ern,намаз окугандарга ачууланбайт, тийишпейт деле. Өз намазыбызды окуп жүрө берели, ким эмне демек. Болгону диндин ашынган фанаттарына өздөрүнө жараша жооп берет. Ал ашынган фанаттарга жакпаса анын баракчасына эмнеге кирет. Ошол дин жолундагы адамдардын оозунан ак ит кирип, кара ит чыгат. Чыныгы шарият жолундагы мусулман эркек аялдар менен ажылдашпайт.
+2
sessa
2017-04-05 14:16:50
Анын эмнеси бар экен чектен деле чыкпаптыр кызынын ийгилигине кубанып атыптыр...коро албас ичи тардык сапаттан арыла албайбыз го ...
+1
Aseltay
2017-04-05 15:23:20
элдер бироонун бактына суйунгонду унутпайлы коралбастык жакшылыкка алып келбейт.
0
kuluch-78
2017-04-05 15:30:18
Ар бир эле ата-эне суйунот,диванда жатып алып озунорчо эле кыйын болбой ошондой кылып кызынарды баланарды машыктыргыла.дуйного тааныткыла анан суйлогуло ойду тоону
+1
kyrgyzstan00
2017-04-05 16:42:04
Молодец ошончо ийгиликке жетишсе суйунот да.
+3
admin_portal
2017-04-06 09:21:24
Taalaibek., порталдын эрежелерин сактаңыз! Оозеки эскертүү!
0
maks.kgz
2017-04-06 12:01:36
ушу ушакчылар жон еле койбоду да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан