Кыргыз иллюзионисти Радислав Сафиндин эмгеги европалык музейдин мыкты делген эмгектеринин тизмесине кирди

Кыргыз иллюзионисти Радислав Сафиндин эмгеги европалык музейдин мыкты делген эмгектеринин тизмесине кирди. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде иллюзионисттин менеджери Каныкей Султанова билдирди.

"Амстердам шаарындагы эл көп келген "Rijksmuseum" музейи Радислав Сафиндин эмгегин жылдын мыкты чыгармаларынын катарына кошту. 62 өлкөдөн келип түшкөн 2 миӊден ашуун эмгектин арасынан мекендешибиздин номери мыкты делген 30 чыгарманын катарын толуктап, видеосу интернетке жүктөлдү. Жакын арада ал Европанын бир нече өлкөлөрүндө өз өнөрүн тартуулайт. Бул тууралуу уюштуруучулар менен келишим түзүлдү", - дейт менеджери.

Белгилей кетсек, бул мекендешибиздин алгачкы ийгилиги эмес. Ал буга чейин да чет өлкөлөрдө өткөн сынактарда байгелүү орундарды ээлеп, Кыргыз өлкөсүнүн атын таанытып жүргөн. Өткөн жылдын октябрь айында Сафин менен өнөктөшү Ольга Крамердин ысымдары "Гиннесстин рекорддор китебине" катталган.

Р. Сафиндин видеосу европалык музейлердин ТОП-30 тизмесине кирди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
BekAmir
2017-04-05 14:12:08
Красавчик
0
Benazir08
2017-04-05 14:30:36
Укмуш го
0
kyrgyzstan00
2017-04-05 15:25:32
Соз жок.Азамат!!!!
0
XONIA1995
2017-04-05 15:28:31
Молодец!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан