Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында жөө күлүк Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган эл аралык марафон 13-майда өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирет.
Алтынчы ирет уюштурулуп жаткан бул мелдеште спортчулар 4 аралыкка чуркай алышат. Жеңүүчүлөр 5 чакырым, 10 чакырым, 21 чакырым жана 42 чакырым аралыкка чуркаган катышуучулардан аныкталат.
Кошумчалай кетсек, 2015-2016-жылдары аталган марафондо кыргыз спортчусу Аман Момуналиев катары менен жеңишке жетишкен.