Орусияга Орто Азиядагы өлкөлөрдөн иштөөгө келген жарандар кармалды

Орусияга Орто Азиядагы республикалардан келген жарандар "террорчулукка көмөк көрсөтүү" боюнча айыпталып кармалышты. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 5-апрелде Орусиянын Коопсуздук кызматынын, Ички иштер министрлигинин жана Улуттук Гвардиясынын кызматкерлери Орто Азиядагы республикалардан Орусияга иштөөгө келген 6 жаранды кармашты. "Тергөөнүн версиясы боюнча, кылмышка шектүүлөр 2015-жылдын ноябрь айынан тарта бүгүнкү күнгө чейин Санкт-Петербургда Орто Азиядагы өлкөлөрдөн келгендерди "Джебхат ан-Нусра", "Ислам мамлекети" террордук уюмдарга кирүүгө үндөшкөн. Мындан тышкары алар чет өлкөлөрдө мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдү түзүүгө ниеттенишкен. Учурда кармалгандардын жашаган жерлеринде издөө иштери жүргүзүлүп, экстремисттик китептер, документтер алынууда. Азыркы тапта кармалган 6 жарандын Санкт-Петербургдагы метродо жардыруунун аткаруучусу менен байланышы бар же жоктугу тууралуу маалыматтар жок", - деп билдирет Орусиянын Тергөө комитети.

Айта кетсек, жардыруу 3-апрель күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:30 чамасында (Бишкек убактысы боюнча 17:30) Санкт-Петербургдагы метродо болгон. Анын кесепетинен 14 адам каза болуп, 49 адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан. Метродо болгон жардырууга Кыргыз Республикасында туулган, өзбек улутундагы Орусиянын жараны, 1995-жылы туулган Жалилов Акбаржон Акрамжанович шектелүүдө. Анын ата-энеси Ош шаарындагы кичи райондордун биринде жашаары белгилүү болгон. Ал 2011-жылы ата-энеси менен бирге Орусияга барып, ошол жакта калып калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
nejninka
2017-04-05 16:07:49
ураа мен катталдым
-15
Mashyrbek
2017-04-05 16:11:05
Кыргыз паспорт алып Кыргыздын атын булгап атат Узбектер
+14
Zam.zam
2017-04-05 20:54:26
Mashyrbek,оа ушул туугандар Кыргызстанда да чет жерде да тынч жүрүшпөдү да.Биздин өлкөнүн наамын булгап
0
nemo2016
2017-04-05 16:14:57
ушунун айынан канчалаган адамдар кыйналат эч уш сларга ишенбейм уят крдагы слар силер качан коомго коносунор
+5
tursunbaev78
2017-04-05 17:09:10
Сларга тойгозду дайыма ушулар бир нерсени баштап турушат
+2
panda7
2017-04-05 17:12:50
Акрамжандар тойгозду ХХХ
+4
Siafan
2017-04-05 17:32:49
ХХХ тойгоздууу ушулардын айынан кыргыздар жаман атты боллуп калдык Москва дагы мигранттар га кыйын болду,))кундо рейд журуп жатат
+3
Leilek-razzakov
2017-04-05 20:40:00
Мага жумушта орустар суйлосо сенин жердешин экен деп сразу ал озбек бала, жаш кыздын башын дагы озбек аял кестиго ал да ОЗБЕК! Только Узбеки! У Кыргызов нет таких имен. Кыргызов награждают за то что людей спасают.
+3
Dilnaz.kiko
2017-04-06 11:41:29
Миграндарга эле кыйын болду ментерге табылбай калат эми,эсен аман Кыргызстанга кетели иштеп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан