ЖЫЛНААМА, 6-АПРЕЛЬ: Эл аралык спорт күнү

Бүгүн, 6-апрель - Эл аралык спорт күнү. 2013-жылдын 23-августунда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы бул майрамды негиздегендиги тууралуу чечим кабыл алган. Бул күндүн расмий аталышы - Тынчтык жана өнүгүүнүн пайдасына эл аралык спорт күнү.

Майрамды негиздегендердин пикиринде, эл аралык спорт күнү 23-июнда белгиленген эл аралык олимпиада күнүнө толуктоо катары киргизилген. Бул күнү дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдар спорттук мелдештерге катышып, күчтөрүн сынашат.

Ал эми Кыргыз мамлекетинде 2014-жылдан тартып 6-апрелде Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнү белгиленип келет. Бул тууралуу токтом 2014-жылдын 11-январында БУУнун Эл аралык спорт күнүнө байланыштуу чечимине ылайык кабыл алынган. Ага чейин 1993-жылы 17-сентябрда КРнын Өкмөтү Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнүн сентябрдын акыркы ишембисинде белгилөө тууралуу токтом кабыл алган.

1925-жылдын 8-апрелинен баштап Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун дене тарбия жана спорт боюнча облустук кеңеши ишке кирген. Ага шаардык, райондук, округдук кеңештер караган. Бул уюмдар аскердик ишке жана спорттун классикалык түрлөрүнө үйрөткөн.

1927-жылы 24-июнда Кыргыз мамлекетинде алгачкы жолу дене тарбия майрамы белгиленген. Анда жеңил атлетика, жаа атуу, футбол, баскетбол оюндары боюнча мелдештер өткөрүлгөн. 1936-жылы 27-июлда Кыргыз ССРинде Дене тарбия иштери боюнча республикалык комитет түзүлгөн.

1991-жылы КРнын Улуттук олимпиадалык комитети негизделген. 2008-жылдан бери өлкөнүн спорт тармагынын өнүгүшүнө КРнын Өкмөтүнүн алдындагы жаштар иши жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттиги жооптуу.

6-апрелге карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан