Бишкекте дайынсыз делген Аселя Төрөбекованын жансыз денеси Чоң Чүй каналынан табылды

Бишкекте мектепке кеткен боюнча дайынсыз делген 10 жаштагы Аселя Төрөбекованын жансыз денеси Чоң Чүй каналынан табылды. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Буга чейинки маалыматта кыздын сумкасын Чоң Чүй каналынын жээгинен көргөндөр бар экени айтылган. Мындан улам издөө иштерине суучулдар да тартылганы маалымдалган эле.

"Издөө иштерине суучулдар тартылып, кыздын туугандары дагы катышышты. Бул боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалды. Жыйынтыгын күтөбүз. Киши колдуу болгону аныкталса, кылмыш ишин козгоо каралат", - деп билдирет Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы.

Айта кетсек, 2006-жылы туулган Аселя Төрөбекова 3-апрель күнү саат 12:15 чамасында мектепке үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (30)
KgAltynai
2017-04-06 12:52:18
Мен бул окуя тууралуу окуп жүрдүм эле интернеттен,качан табылар экен деп күтүп жүргөм,кичине кыздын өзү эмес жансыз денеси табылган тура. Аллах бейиштен орун берсин,амин.
0
bermet104
2017-04-06 12:56:32
Өтө суук кабар... Ата энесине сабырдуулук берсин!
0
ulchana
2017-04-06 13:03:26
Кудай сактай кор,биздин балдарыбыздын келечеги кандай болот.Сабыр берсин Ата Энесине.
+1
Kroxa
2017-04-06 13:24:57
Бей куноо периштелерге кандай мыкаачынын колу барат акмактар,,коркосун жалгыз жоноткондон.Орустар Москвада 8,9 окуган балдарын деле проважайтетип,,тозуп келишсе тан калчу элем эми биз да ошого отот окшойбуз..
+1
barsbegKG
2017-04-06 13:34:39
Kroxa,тозуп эмес тоСуп.
0
sladkaja_konfetka
2017-04-06 13:57:42
Ким кылса да табылып, жазасын алсын! Камила Дуйшобаевадай болуп кылмышкерлер табылбай калбай!
+1
solntse95
2017-04-06 14:03:33
БЧКнын жээктерине камера коюшса жакшы болмок. Коп кылмыштын бети ачылмак...
+4
anar8672
2017-04-06 14:03:54
Тобоо кылдым ошол Бишкекте тарапта бир манияк журбосо эле зордуктабаса дагы башка нерсе кылып журбоду бекен .Жай эмес болсо сууга тушуп агып кеткидей Артынае тшгпосонор жоголуп олугу табыла берет .
0
Alibek-0001
2017-04-06 14:41:30
Кааап журогум ооруп чыкты аябай.. каап жап жаш секелек кыз. Он гулунун бири да ачыла элек. Кудайым озу жазасын берсин.
+1
cholpon119966
2017-04-06 15:07:10
Жапжаш бир жакшына бей куноо кыз адамдын журогу эзилет. Аман эсен табылса экен деп журот элем, окунучтуу. Киши колдуу болгон болсо Аллахтын каарына калсын.
+1
aerforce
2017-04-06 16:36:54
Ээххх окунчтуу ушул чуй каналдан табылбаса экен дегем
0
Eli.91
2017-04-06 17:23:08
Эх кандай окунучтуу туугандарына конул айтам,айрыкча ата-энесине кыйын болду,эх баланын куйуту жаман,эчкимди баласынан ажыратбасын.
0
kyrgyzka96
2017-04-06 17:24:55
Бул жагы абдан тангалычтуу болуп жатат. Откондо да жоголгон 5 жашар Лидиянын да согу суудан табылды эле. Эми Аселяныкы да суудан табылып жатат. Булардын артында бир рецидивиц кылмышкер турбады бекен. Ээ аллахым жаш балдарды озун сактай корчу! Эмнелер эле болуп жатат!? Кыргыз элим тынч аман болушсунчу! Аселянын Ата эне бир туугандарына сабыр тилейм!
+1
Aidani
2017-04-06 19:40:50
Кылмышкер тапкыла урматтуу куч органдары
+1
sher.ella
2017-04-07 00:31:09
Менимче 7-жаштан баштап балдарды-кыздарды сууга сузгонду уйротуш керекко
0
Lady_90
2017-06-13 22:28:51
Деги бул жоголгон балдардын торт мучосу аман бекен. Же органдарын алып сатып жатышабы мыкаачылар? Балдарды косого чыгарыштан деле коркуп калдык го. Ата-энесине сабыр берсин(((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан