Чүй облусунда 14 жана 11 жаштагы эки бала изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда 4-апрель күнү милиция кызматкерлерине Москва районундагы Беловодское айылынын тургуну кайрылып, 2003-жылы туулган Куттубек уулу Ислам аттуу баласы жана сиңдисинин баласы 2006-жылы туулган Байболот Мырзабаевдин дайынсыз экенин айткан.
Арыздануучунун айтымында, 14 жаштагы баласы жана 11 жаштагы тууганы 2-апрель күнү саат 23:00 чамасында Беловодское айылындагы үйдөн чыгып кетишкен боюнча, кайра кайтып келишкен эмес.
Куттубек уулу Ислам ошол күнү кара түстөгү шым, көк түстөгү куртка, күрөң түстөгү бут кийим, кара свитер, кепка кийип жүргөн. Ал эми Байболот Мырзабаев көк түстөгү спорттук шым, боз түстөгү куртка, кара түстөгү топучан болгон.
Сүрөттөгү балдардын жүргөн жерин көрүп-билгендер болсо, 0312 43-01-27, 0312 60-77-27, 0550 22-17-17, 0 555 14-71-71, 0701 15-85-81 жана 0704 69-77-77 телефон номурларына чалып, кабарлап койсоңуздар.