Бишкекте милиция кызматкери пара талап кылганы үчүн кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда Ленин РИИБинин аймактык инспектору М.М. Чүй көчөсү менен Жаш гвардия бульварынын кесилишинде кармалган. Аны кармоо иштери Башкы прокуратура тарабынан "пара талап кылуу" беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүрдү.
Азыркы тапта ыкчам-тергөө иштери жүрүүдө.