ЖЫЛНААМА, 7-АПРЕЛЬ: "Гладиатор" тасмасында башкы ролду жараткан актёр Рассел Кроу 53 жашка чыкты

Белгилүү австралиялык актёр Рассел Кроу 53 жашка толду. Ал 1964-жылы 7-апрелде Жаңы Зеландиянын Веллингтон шаарында туулган. Рассел 1972-жылы "Орфан" сериалында эпизоддук ролду аткарып, дебют жасаган. Андан соң 1990-жылы "Кайчы жол" ("Перекрёсток") тасмасына тартылууга чакыруу алып, ага удаа эле "Такыр баштар" ("Бритоголовые") фильмине тартылган. Дал ушул тасмадагы ролу үчүн Рассел Кроу улуттук сыйлыкка ээ болгон. Андан соң актёрго жалаң Голливуддун режиссёрлорунан чакыруулар түшүп, "Ылдамдыгы жогору жана өлүк" ("Быстрый и мёртвый", 1995), "Виртуалдуулук"("Виртуальность", 1995), "Лос-Анжелестин сырлары" ("Секреты Лос-Анджелеса", 1997) кинолорунда роль жараткан. Ал эми "Акыл оюндары" ("Игры разума", 2001), "Гладиатор" (2000), "Өз адам" ("Свой человек", 1999) тасмаларындагы ролдору үчүн Рассел Кроу "Оскар" сыйлыгына арзыган. Ошондой эле актёр "Деңиздердин ээси: Жердин четинде" ("Хозяин морей: на краю Земли"), "Юмага поезд" ("Поезд на Юму"), "Катардан чыккандар" ("Отверженные"), "Нокдаун", "Робин Гуд" фильмдеринде көрүнүктүү ролдорду жаратып, дүйнөгө атагы тараган.

Ушул жылдын июнь айында Рассел Кроунун катышуусундагы "Мумия" тасмасы жарыкка чыгат.

Жеке жашоосу

2003-жылы актриса жана ырчы Дэниэль Спенсерге баш кошкон. Түгөйлөр Чарльз Спенсер-Кроу жана Теннисон Спенсер-Кроу аттуу эки уулдуу болушкан. Бирок 2012-жылы ажырашып кетишкен.

7-апрелге карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nalukg
2017-04-07 16:56:49
Igry razuma kinosunda jakwy oinogon anan jakwy kino bolgon iygilik..
0
meerimka86
2017-04-07 17:04:33
Красавчик!!!
0
meerimka86
2017-04-07 17:06:52
Вдруг окуп калсаныз#Happy Birthday to you)))
+2
grace
2017-04-07 18:15:12
Менин сүйүктүү актерум.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан