Балбан Базар Базаргуруев 2008-жылдагы Олимпиада оюндарынын коло медалынын ээси болду

Спортчу Базар Базаргуруев 2008-жылы Пекинде өткөн Олимпиада оюндарынын эркин күрөш боюнча коло медалынын ээси болду. Дүйнөлүк күрөш биримдигинин маалыматына караганда, допинг-текшерүү учурунда украиналык балбан Василий Федоришиндин канында туринабол заты табылганы аныкталган. Эл аралык олимпиада комитети Федоришинди күнөөлүү деп таап, спортчунун ийгиликтерин жокко чыгарган. Мындан улам анын күмүш медалы япониялык спортчуга, ал эми коло медаль Кыргыз балбаны Базар Базаргуруевге ыйгарылган.
Айта кетсек, украиналык балбан Василий Федоришин 2008-жылы Пекинде өткөн Олимпиада оюндарында эркин күрөш боюнча финалга чыгып, анда орусиялык балбан Мавлет Батировго утулуп калган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
travma
2017-04-07 22:46:38
Чындык бар
+7
JANNA00
2017-04-07 22:47:18
Куттуктайм!
+6
Adidas_91
2017-04-07 22:48:01
Азамат кыңыр иш кырк жылда билинет.
+3
maku88
2017-04-07 23:14:47
Кутуктайм эми өкмөт тарабынан батир жана акча берилеби?
+6
KyrgyzKagan
2017-04-07 23:17:13
Куттуктайм! кеч болсода алыптыр. Кызыгы ошол убакта медаль уткандарга президент Бакиев акчалай уй, машина белек кылган болчу. Азыркы президент бир нерсе белек кылат бекен? же поезд кетти болду берилбейтпи?
+8
gordaya
2017-04-08 08:31:48
KyrgyzKagan, азыркы президент мурунку президенттен кобууроок нерсе убада кылган, оздору утуп келишкен жок.
0
taalay25
2017-04-08 19:15:48
gordaya,кеп убада кылганда эмес. Ал тармакка конул бургандыкта. Мурда атайы Олимпиядалык оюндар боюнча спорт тармагында стратегиялык план атайы спортсмендерге шарт тузуп да алдын ала даярдашты.Ошого ийгиликтер болду.
Азыр чон байгени убада кылган менен даярдык жок болсо кайдагы байге
-1
gordaya
2017-04-10 10:38:44
taalay25, даярдык сонун эле, ушул эле олимпиадага барган спортсмендерден сурачы, мамлекет бир нааразы кылдыбы деп, жок деп эле айтышат, ошол эле Артыковдун, Айсулуунун интервьюларын окуп кор, мамлекет бардык жактан камсыз кылды деп айтышат, жон эле жок деп эле оозунду кур чоп мн аарчый бербечи
0
gordaya
2017-04-10 10:39:44
taalay25, керек болсо бардык жакта спорт комплекстери курулуп жатат, жоон эле жоок дей бергендин эмне кереги бар!
0
grace
2017-04-07 23:21:52
Куттуктайм! Азамат!!!
+4
Omurbek998
2017-04-07 23:47:19
Кудайым берем десе еч нерсеге карабайт мын сага далил кааласа тогуз жылдан кийин берет экен
+9
Polumna
2017-04-07 23:47:43
Кут болсун))). 10 жылдан бери ошону ойлоп канча нерв кетти э)
+6
Dilnaz.kiko
2017-04-08 00:07:24
Изат эмне болду билгендер жазып койгулачы
0
RusMos76
2017-04-08 02:16:24
Dilnaz.kiko,буйруса 10 жылдан кийин угабыз жообун
+2
aismiris
2017-04-08 00:19:51
Бакиевдин убагында берилген акча и машина , Тумонбаев менен Бегалиевке ошондо бизде 2008 жылдан 1 кумуш 2 коло медаль бар экенда а
+1
gordaya
2017-04-08 08:33:16
aismiris, Тумонбаев мн Бегалиев Бакиевдин убагында эмес, Атамбаевдин убагында болсо сыйлыктары кобуроок болмок!
-2
Best.bakyt
2017-04-08 04:57:52
Он жыл откон сон эми эмне барк баасы бар.
-3
Tunerbei1812
2017-04-08 07:37:20
Best.bakyt,сыймыктануу сезими болуш ккерек ар бир атуулда. Лучше поздно чем никогда. Билсен олимпиадада олконун атын даназалоо экообуздун колубуздан келбеген иш.
+3
Bek4590
2017-04-08 11:02:56
Бизде эркин куроштон алтын мелальга умут бар. Бирдеме болуп эле, тигини чалыштырып баса калып утуп алышы мумкун. Жугуруу, сууда сузуу дегендерден умут жок. А кышкы оюндарга барбай эле койсо болот.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан