Топ-Лига-2017: "Абдыш-Ата" конокто "Алганы" жеңип алды

Бүгүн, 8-апрелде өлкөнүн футбол боюнча чемпиондугу Топ-Лига старт алды. Анда Бишкекте "Алга" канттык "Абдыш-Атаны" кабыл алды. Футбол федерациянын стадионунда өткөн беттеш алгачкы мүнөттөрдөн тарта кызуу башталды. Эки команда тең бул оюнда жеңишке жетип, 3 упай алууну көздөдү. Оюндун 2-таймында "Алга" оюнчусу Турсунали Рустамов эсепти ачты. Канттык команда чабуулдарды күчөтүп, эсепти өзгөртө алды. Манас Карипов 2 жолу айырмаланса, соңку мүнөттө Эльхан Темирбаев беттешке чекит койду. Эсеп 3:1, "Абдыш-Ата" жеңишке жетишти.

1-турдук оюндар "Алай"-"Нефтчи" жана "Дордой"-"Кара-Балта" оюндары менен уланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Seryi-Kardinal
2017-04-08 16:57:49
1 jyl oinop chempion bolgon komandaga kancha som beret?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан