КҮНСЕРЕП: Жээнбековго кошоматтан улам көлчүктөр чайыр менен жамалды

Бүгүн, 10-апрель. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Жол кыймылынын коопсуздугу үчүн орнотулган видеокамералардан түшүүчү киреше жетиштүү түрдө жыйналбай жатат. Жол эрежесин бузган автоунаа видеокамерага тартылып, унаанын номуру, жайгашкан дареги заматта аныкталганы менен, айдоочудан айып пул өндүрүү иши түйшүк жаратууда. Ички иштер министрлиги менен Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү муну моюнга алышты.

Автоунааны башкы ишеним кагазы менен сатууга жол берилет, документтин мөөнөтү бүтсө кайра узартып алууга да мүмкүн. Видеокамера боюнча жазылган айыптарды төлөө билдирмеси унаанын реалдуу ээсине эмес, мыйзамдуу ээсинин дарегине жиберилет. Ошондуктан ортодо айып пул төлөнбөй калууда. ИИМдин өкүлдөрү жарандардан автоунааны сатарда мүлктү жаӊы кожоюнга биротоло өткөрүп, каттап берүүнү өтүнүшүүдө. Расмий маалыматтарга таянсак, 2016-жылы Бишкектин кире беришиндеги видеофиксация жол эрежесин бузган 80 миӊ айдоочуну каттаса, мунун 30 пайызы гана айып төлөгөн. Бул эреже бузган айдоочулардын дээрлик үчтөн экиси жазасыз жүрөт дегендик. Шаардын ичиндеги, өлкөнүн башка аймактарындагы абал дагы укмуш эмес. Убагында Патрулдук милиция башкармалыгы даярдыксыз түзүлгөнүн, долбоор чийки экенин буга чейинки Күнсерепте жазганбыз. Бишкектин кире беришиндеги (унаа базарынын жанында) 1 эле видеокамера боюнча кырдаал ушундай. Эгерде Бишкек толугу менен видеокамера менен жабдылып эреже бузууларды каттай баштаса, айып чогултууга ИИМдин дегеле чамасы жетчүдөй эмес. ИИМдин “унааны сатарда же сатып аларда дароо өзүӊөргө каттаткыла” деген өтүнүчү менен абал оңдолбойт. Ошентип чийки башталган долбоордун кемчиликтери калкып чыгууда...

Интернетте жамгырдан кийин суу толгон жол чуӊкурларын жамап жаткан жолчунун жоругу талкууланууда. Тасмадан “Сооронбай Жээнбеков келет экен” деп суу толгон чуӊкурларга чайыр куюп жаткан жумушчуну көрүүгө болот. Негизи жолдун аӊ-чуӊкурун күн ачыкта казып, ичин чаӊдан тазалап, андан кийин чайыр куюп асфальт төшөйт. Интернет колдонуучулары суунун үстүнө асфальт төшөө окуясын акылга сыйдыра албай убара.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун жообу көп күттүргөн жок. Видео тарагандан кийин жолду шашылыш жамоо тапшырмасын ким бергенин таап, жазага тартуу тапшырмасын бергени белгилүү болду. Транспорт жана жол министринин маалыматы боюнча бул окуядан кийин Жол чарба департаментинин 5 кызматкери иштен алынып, тийиштүү министрликтин Жолдор башкармалыгынын жетекчисине эскертүү берилди. Факт боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы иликтөө жүргүзөт. Бул окуя кокустан видеого тартылып, коомчулукка тарап кеткени гана. Билинип-билинбеген мындай фактылар ондоп, жүздөп саналышы мүмкүн. Март айында SUPER.KG порталынын Элдик кабар бөлүмүнө окурман видео жөнөткөн. Андан Өзгөн районунун Мырзаке айылынын жол тейлөө ишканасы асфальт жолдун жыртыктарын топурак менен толтуруп жатканын көрүүгө болот. Жамгырдан кийин жол оӊдоо окуясы эки нерсени ачыктады. Биринчиси – салык төлөөчүлөрдүн эсебинен чогулган мамлекеттик казынанын акчасын шамалга сапыруу. Тийиштүү талап сакталбай жасалган жолдун өмүрү узакка созулбасын башка фактылар да далилдеп жатат. Экинчиси – чиновниктер кошоматчылыктан арыла электиги. “Чоӊдор келет” деп айылдарда арыктарды шашылыш тазалап, тал-теректерди актамай өӊдүү иштер совет доорунан калган “мурас”. Жогорудагы окуя кызматы төмөнүрөөк чиновниктер союздук эски адаттан дагы эле арыла электигин далилдеди. Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна карата курулган Бишкек - “Манас” аэропорту жолунун айрым жерлери тешилип, жарака кеткенин өткөн аптада депутаттар айтып чыгышты. Эл көрсүн деп жасалган иштердин жыйынтыгы мындан башкачараак болушу кыйын. Дайымкы көрүнүш, адатта тапшырма аткаруучулар жазаланып, буйрук бергендер эскертүү, сөгүш алуу менен кутулуп кетишет...

1999-2000-жылдары Баткен окуясына катышкандардын жөлөк пулун көтөрүү сунушталды. Демилге Жогорку Кеӊештин тийиштүү комитетинде каралып, мыйзам долбооруна 63 миӊ кол топтолгону айтылды. Демилгечилер, Баткен окуясынын катышуучулары убагында өлкөгө кирип келген куралчандарга каршы күрөшкөнүн айтып, жабыркагандарга жана каза тапкандардын жакындарына ай сайын берилчү жөлөк пулду 1 миӊ сомдон 7 миӊ сомго көтөрүүнү сунуштап жатышат.

Каржы министри Адылбек Касымалиев сунуш өкмөттөн колдоо таппаганын айтып, муну “бюджетте кошумча акча жок” деп түшүндүрдү. Социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытованын билдиришинче, Баткен окуясынын катышуучуларында “согуштун катышуучусу” деген атайын макам жок. Ошентип сунуш колдоо таппай турат. Себеп жөнөкөй: Мамлекеттик бюджетте акча жок. Өлкө казынасындагы акча жолдорду “шашылыш оӊдоо”, Ак үйдүн дарбазаларын жаӊыга алмаштыруу өӊдүү иштерге жумшалып жатат. Жогорку Кеӊештин жер төлөсүнө 560 миӊ сомго 2 дарбаза сатып алууга тендер жарыяланганы белгилүү. Тендер ийгиликтүү өтүп, жеӊүүчү мына-мына аныкталат деп турган учур...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан