МЕДИА-ПОРТАЛ: "Досторго" клибин тартууда милиция кызматкерлери менен түшүнбөстүктөр жаралган" дейт ырчы Өктөм Сапар уулу

Ырчы Өктөм Сапар уулу "Досторго" ырынын клибин тартуу учурунда тартуучу топ менен милиция кызматкерлеринин ортосунда түшүнбөстүктөр жаралганын айтат.

"Жогоруда аталган ырдын клибин режиссёр Бейпил Маманов тартты, идеясы да ага таандык. Мен кээ бир жерлеринде барып, колдоо көрсөтүп, өзгөртүү киргизүү болсо айтып турдум. Тартуу учуру кыйынчылыктарсыз, кызыктуу өттү.

Кызыгы, клипте балдардын башкы каармандардын бирөөсүн сабап жаткан жери бар эмеспи. Ошол учурда милиция кызматкерлери келип, тартуучу топ менен алардын ортосунда түшүнбөстүк жаралган. Ошол учурда мен да ортого түшүп, "бул жөн эле клип" деп аларды араӊ узаттык. Ошондо да баланын бетиндеги гримди көрүп ишенбей жатышты", - дейт ырчы күлүп.

Өктөм Сапар уулунун "Досторго" ырынын клибин бул жерден көрүӊүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Muzik
2017-04-10 18:53:30
Мааниси жакшы,азаматсынар.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан