Италияда 8-апрель күнү "WDSF International Open taken place in Olbia-2017" аталышындагы спорттук-баллдык бий боюнча эл аралык деңгээлдеги мелдеш аягына чыкты. Ага 17 мамлекеттен жалпы 94 спортчу катышты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасындагы спорттук бий федерациясынын президенти Сергей Титунин билдирди.
Маалыматка караганда чоңдор арасындагы категорияда Артем Семеренко менен Валерия Качалко үчүнчү орунду ээлеп, коло медаль тагынышкан. Ал эми биринчи орунду Испаниядан барган жуп, экинчи орунду италиялык жуптар ээлеген.