Чемпиондор Лигасы: Чейрек финалдык оюндардын алкагында “Ювентус” “Барселонаны” кабыл алат, “Боруссия Д” “Монако” менен ойнойт
12-апрелге караган түнү Чемпиондор Лигасынын чейрек финалдык оюндарынын алгачкы беттештери орун алат. Анда италиялык “Ювентус” өз үйүндө испандык “Барселонаны” кабыл алса, дортмунддук “Боруссия” “Монако” менен ойнойт.
"Ювентус" (Италия) - "Барселона" (Испания)
Стадион: Турин шаары, "Ювентус" стадиону.
Калыс: Шимон Марчиняк (Польша)
Башталышы: 00:45 (Бишкек сааты боюнча).
Туриндик “Ювентус” үчүн чоң сыноолор башталат. Италия чемпиондугунда бир канча жылдар бою чемпион аталып келе жаткан команда канчалык күчтүү экендигин каталондук “Барселона” сынайт. Мыкты коргонууну билген команда Месси-Неймар-Суарес үчилтигин кантип токтотору оюндун башкы суроосуна айланат. “Барселона” үчүн конокто гол киргизүү абдан маанилүү. Бул команда үчүн бир гол эмес төрт гол айырмачылыкта утулса да, өз үйүндө канчалык күчтүү боло аларын “ПСЖ” командасы айтып берет. “Ювентустун” башкы жылдызы Паоло Дибаланын даремети канчалык күчтүү экендигин аталган оюн көрсөтөт.
“Боруссия Д” (Германия) – “Монако” (Монако)
Стадион: Дортмунд шаары, "Сигнал Идуна Парк" стадиону.
Калыс: Даниэло Орсато (Италия)
Башталышы: 00:45 (Бишкек сааты боюнча).
Чабуулга ыктаган эки команданын тирешүүсү күйөрмандар үчүн майрам болот. Аталган эки команда тең коргонууну эмес, чабуулду көбүрөөк ойлонот. Дортмунддук “Боруссиянын” курамында жаракаттарынан улам Гётце, Ройс сыяктуу оюнчулары чыкпаса да, аларды алмаштырган жаш оюнчулар мыкты сапаттарын көргөзүүсү абзел. Томас Тухелдин шакирттери өз үйүндө тиешелүү жыйынтыкка жетүү үчүн болгон аракетин жумшайт. “Монакого” конокто оюн өткөрөбү же үйүндөбү баары бир. Алардын башкы максаты - гол жаратуу. Жылдызы жанып келе жаткан Киллиан Мбаппе менен колумбиялык чабуулчу Радамель Фалькао канчалык таамай боло алышары оюндун негизги суроолорунун бири.