Канжар Кадыралиевдин үстүнөн дагы бир арыз түштү

Экс-прокурор Канжар Кадыралиевдин үстүнөн алдамчылык боюнча дагы бир арыз түштү. Жабырлануучу Лола Маткаликова президент Алмазбек Атамбаевден акыйкат чечим чыгарып берүүсүн суранды.

"2010-жылы уруштар башталып кеткенде, жылкыларыбызды бага албай калдык. Канжар Кадыралиев "менин чөбүм бар, багып берем" деди. Биз каякка алып барышыбызды билбей, Канжарга ишенип макул дедик. 22 айгырыбыз менен 2 топозду келип алып кетти. Кийин Канжар дагы келип, 11 миң долларлык ат менен "Тико" унаасын алып кеткен. Биз кийин барып бер десек, "ушул жерде эле багып берем" деди. Күйөөм экөөбүз көп жолу кайрылдык, бербей жүрдү. Өзү Ошто жашайт экен. Бизди "ал жакка бар, бул жакка бар" деп жүрдү. "Биз кыйналдык" деп акча сурасак бербей койгондон кийин, мен президентке, Жогорку Кеңешке, премьер-министрге кат жаздым. Колубуздан эч нерсе келбей калгандыктан аларга кайрылдык. Президенттен акыйкат чечим чыгарып беришин суранабыз", - дейт Маткаликова.

Айта кетсек, 2014-жылы Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери болуп иштеп турган Канжар Кадыралиевге бир канча жаран арызданып, кийин ага карата Башкы прокуратура “бейбаштык”, “өзүм билемдик”, “зомбулук көрсөтүү менен талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Канжар Кадыралиевдин үстүнөн дагы бир арыз түштү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (29)
saltanat2015
2017-04-11 12:31:11
Тикону неге берет аны дагы багыш керекпи
+8
Santini
2017-04-11 12:32:44
Ыргал Кадыралиеванын телефондон бир журналистке "Котун кыскан бай болот" деп кысып журчу деп опузалаган видеосу чыгып кетти эле го интернетке ...
+6
Jako18
2017-04-11 12:32:54
Арыз жазган соң аягына чейин туруш керек, камалайын дегенде тосмо арыз жазып бере калбай!
+7
nurbekasr
2017-04-11 12:35:40
Кана сот,прокүрор, милиция,УКМК эмне кылып олтурасыңар бир адамды(кылмышкер Канжар) бир эки жылдан бери тайрандатып кармап камабай.Канча жылдан бери канчалаган элди какшатып келе жатат.Текебаев,С Жапровду кармадыңар бул балашкага алыңар жетбей жатабы.Көзүңөрдү ачсаңар ээүү бийликтегилер,бүл кетиште иш кылбасаңар өлүп кетесиңер го каргыш уруп элдин.
+4
shamshiev.80
2017-04-11 17:30:23
nurbekasr,Кошоматчыларды камабайт, адам олтурсо дагы
-1
Makain
2017-04-11 12:37:21
Ой ботом ошончо жылкы багып анан чоп камдай албадынбы.жылкыларга деле анча коп чоптун кереги жок тоого чыгарсан озулору тээп жейт. А топоз дайыма тоодо болот мамалагы болсо бир жон.
0
shamshiev.80
2017-04-11 20:41:42
Makain,Маселе чопто эмес,2010чу жылы июнь коогаланынан кийин башкаларга тартырып ийбештин айласын кылып буларга берген го.Бул кемпир "Айбек черныйдын"апасы го,аны олтургондон кийин кооптонушкан чыгаар мулкуно.Айбек менен Санжар жакын дос болушун.
0
shamshiev.80
2017-04-11 22:44:02
shamshiev.80,"Айбек черный" менен Санжар Кадыралиев жакын дос болушкан
0
modem4999
2017-04-11 12:41:34
22айгыр? А бээлери кайда?
+4
evra_kg
2017-04-11 12:44:17
мен анын айылдашы болом куршабтан болот мал койлорун эгинге айдап ийет эчким эч нерсе дей албайт жазасын алса ушул
+14
SansaNePredaiJohna
2017-04-11 12:48:16
бул каяктык неме. крыша кучтуу окшойт
+4
evra_kg
2017-04-11 13:46:36
сандар кадыраливтин бир тууган агасы
+2
Adilet_adi
2017-04-11 14:06:42
Озбектердин мулкун тартып алыптырда
+3
jonne
2017-04-11 14:50:30
Санжар Кадыралиев балашкага тийбе тийсен эле сенин артында душмандарын кооп экен тебелеп кетет журупсун анан жалпак чочо болуп
0
kechirmeni
2017-04-11 15:36:28
Зулум коргондун дуасы соссуз кабыл болот дечу эле, Кадыралиевинердин акыры жакшылык менен бутпойт го. Канчалаган адамдардын каргышына убалына калып атат. Чон атасы Кадыралинин атын булгап атат жаманатты кылып. Кыпындай нерсеге жооп беруучу кун келет ага чейин тообо кылып зулум кылынган адамдардын ыраазычылыгын албаса акыбалы аябай кыйын болот го. Канжар, эсине кел! Торт кундук омурунду татыктуу жаша, акыретини,туболугуну ойло. Бей-бечараларга зулум кылба! Бул кылганын урпагына да зыяны тиет!!!
+2
shamshiev.80
2017-04-11 17:19:51
Атамбаев менен Сдпка ны мактайт бул Кадыралиевдерди азырынча эч ким эчдеке кылалбайт
0
shamshiev.80
2017-04-11 17:22:45
Кошоматчы,жалганчы, озумчул, оздорун бийик оорунга койгон уй булоо булар.Эч качан пендеге жакшылык каалабаган ач коз уйбулоо булар
0
Myrzashka95
2017-04-11 18:53:02
Курсагынды тешип чыгат болущ керек. Жапжаш туруп алдым жуттумду каяктан оздоштуруп алган? Энесиндей кишини алдап. Кудай жазанды берсин АША жазалай албаса.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан