Үстүбүздөгү жылдын 5-апрелинде Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө "тамашоучу" Алымбек Адылбеков арыз менен кайрылган. Арызында ал Бишкектеги балдар ооруканасынын жанында белгисиз адамдардын ур-токмогуна калганын жазган.
Ошол эле күнү башка жарандар бейбаштык фактысы боюнча арыз менен кайрылышкан. Биринчи арыз экинчи арыздын ээлерине түзүлгөнү белгилүү болгон.
"Учурда эки тарапка тең Кылмыш кодексинин 234-беренеси боюнча кылмыш иштери ачылып, тергөө иштери жүрүүдө", - деп билдиришти Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан.
Эскерте кетсек, 5-апрелде Алымбек Адылбеков туугандары менен бирге белгисиз бирөөлөр тарабынан ур-соккуга кабылганын SUPER.KG'ге кабарлаган.